Аннотация
Бул макала 8-класста катуу нерселер, алардын түрлөрү жана өзгөчөлүктөрү, кристаллдар жана аморфтук заттар, кристаллдык торчолор, моно жана поликристаллдар, кристаллдардын изотроптук жана анизотроптук касиеттери, алардын түзүлүшү, жылуулуктан кеңейиши, салыштырма жылуулук сыйымдуулугу, эрүүсү, катуулануусу жөнүндө билимдерди берүүнүн, катуу нерселер боюнча теориялык билимин практикада колдонуунун технологиялары жөнүндө жазылган. Мугалим физика боюнча виртуалдык лабораториялык иштерди колдонуп, тажрыйбаларды көрсөтүү, лабораториялык ишти аткартуу менен окуучулардын физикалык куралдарды пайдалануу көндүмдөрүн калыптандырат, өлчөөчү куралдардын жана жабдыктардын түзүлүштөрүн жана иштөө принциптерин үйрөтөт, окуучулар физикалык кубулуштарга байкоо жүргүзүү, лабораториялык иштерди аткаруу жана түшүндүрүү ыкмаларына ээ болот. Ошондой эле, презентациялар аркылуу окуучулар катуу нерселердин турмуштагы жана техникадагы колдонулушу, монокристаллдарды жасалма түрдө өстүрүү менен алардын практикалык колдонулуштарын изилдөөдө кристаллдар физикасы боюнча кыргызстандык адис Аскарбек Алыбаковдун лабораториясында өстүрүлгөн монокристаллдардын лазердик нурларды чыгаруучу куралдарда пайдаланылышы боюнча маалыматтарды өздөштүрөт.
Негизги сөздөр
Цитаталоо
Колдонулган булактар
- Мамбетакунов Э., Мурзаибраимова Б.Б., Мамбетакунов У.Э. Физика. 8-класс.: жалпы билим берүү уюмдары үчүн окуу китеби / -Б.:Учкун, 2023.-240 б.
- Предметтик стандарт. ―Физика. Астрономия‖ жалпы билим берүүчү уюмдардын 7-12-класстары үчүн. Бишкек.-2025, 19 б.
- Молдокеримова Э.К., Дөөлөталиева А.С. Физика-математикалык билим берүүдө дидактикалык оюндарды колдонуу.-Б.:Техника, 2014.-140 б.
- Молдокеримова Э.К. Развитие познавательного интереса к физике. [Текст]. / Э.К.Молдокеримова // Вестник Жалал-Абадского государственного университета. - 2003/1.-97-99 стр.
- Виртуальные лабораторные работы по физике. httsp://efizika.ru