Аннотация

Бул макалада медиация аркылуу талаш-тартыштарды жана чыр-чатактарды жөнгө салуунун ыкмалары изилденген. Медиация талашып-тартышкан тараптардын убактысын, акчасын үнөмдөйт, талашып-тартышкандардын жеке кызыкчылыктарын сактайт, тараптарды бири-биринин талаптарын түшүнүүгө жана кабыл алууга мажбурлайт, тараптардын таламдарына жооп берген келишимдерге жетишүүнү жөнгө салат.Медиациянын төмөнкүдөй ыкмалары бар: фасилитативдүү (көйгөйгө багытталган), трансформативдүү, түшүнүү, нарративдүү (тарыхый), эко-тутумдуу (үй-бүлөлүк багыттагы), валютативдик (баалоочу). Медиациянынын ыкмалары медиатордун чыр-чатакты чечүүгө катыштыгынын даражасына жараша болот. Ыктыярдуулук, медиация тараптарынын кызматташтыгы жана тең укуктуулугу, медиатордун бейтараптыгы, купуялуулук медиациянынын ынанымдары болуп саналат. Чыр-чатактарды жана талаш-тартыштарды жөнгө салууда медиатордун компетенттүүлүгү чоң роль ойнойт.

Негизги сөздөр

Цитаталоо

Joroshova, K. (2026). DISPUTE RESOLUTION THROUGH MEDIATION. Global Scholars’ Space, 4(2), 56-60.

Колдонулган булактар

  1. Кыргыз Республикасыныны Конституциясы. Бишкек, 2021.
  2. КРнын ―Медиация жөнүндө‖ Мыйзамы. Бишкек, 2025.
  3. КРнын Министрлер Кабинетинин №750 токтому менен бекитилген ―Кыргыз Республикасында медиацияны 2024-2030-жылдарга өнүктүрүү концепциясы‖. Бишкек, 2024.
  4. Кыргыз Республикасында 2018-2040-жылдар аралыгында Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы. Бишкек, 2018.
  5. ―2023-2026-жылдарга Кыргыз Республикасыныны сот адилеттиги системасын өнүктүрүү‖ мамлекеттик максаттуу программасы. Бишкек, 2023.