Аннотация
Бул макалада Түштүк Кыргызстанда советтик тоталитардык башкаруу учурунда, өзгөчө 1930-жылдардан 1950-жылдарга чейинки репрессия жылдарында болгон саясий куугунтуктун тарыхый, саясий жана социалдык аспектилери изилденет. Илимий изилдөөдө негизинен архивдик маалыматтарга, репрессия курмандыктарынын жеке таржымалдарына жана тарыхый булактарга таянып, бул региондо репрессиялардын масштабы, себептери жана кесепеттери жөнүндө кеңири талдоо жүргүзөт. Айрыкча, интеллигенциянын, диний ишмерлердин жана бай-манап катмарынын куугунтукка алынуусу жана анын коомдук аң-сезимге тийгизген таасири кеңири баяндалат. Макаланын максаты – тарыхый адилеттүүлүктү орнотуу, репрессия курмандыктарынын тагдырын чагылдыруу жана бул окуялардын бүгүнкү күндөгү маанисин талдоо. Изилдөөнүн жыйынтыгында, Түштүк Кыргызстанда репрессиялардын регионалдык өзгөчөлүктөрү жана алардын тарыхый мурасы тууралуу терең маалымат берилет. Ошондой эле кыргыз элинин мамлектүүлүгүнун түптөлүшүнө жана калыптанышына чоң салым кошкон тарыхый инсандарыбыздын татаал тагдырына басым жасалып, алардын жолу жаштарга үлгү жана сабак экендиги көрсөтүлөт. Кылымдарды карыткан кыргыз эли эгемендүүлүкө жетишкенден баштап рухий баалууктары да бир топ жогорулады. Ар бир элдин, ар бир мамлекеттин тарыхында элдин эсинде жана архивдерде калтырылбаган, айтыйбаган жашырылган же бурмаланган учурлар болот. Мындай учурлар «тарыхтагы ак тактар» деп аталат. Алардын бир бөлүгү – саясий репрессияга кабылган инсандар жана алардын тагдыры. Бул көрүнүш, айрыкча, Совет доорунда, сталинизм учурунда курч болгон. Негизинен,макалада ушул өксүктү тарыхый маалыматтардын негизинде тактоо аракети жасалып,талдоо жүргүзүлдү. Рухий баалуулуктун өнүгүшүндө азыркы күндө илим-билимдин, тарбиянын, тилди, маданиятты жана инсан таануу маселелерин окуп үйрөтүүнүн жаштарга тийгизген таасири өтө чоң болушу керек. Кыргыз элинин улут болуп калыптанышында, кыргыз мамлекетинин түптөлүшүндө бир катар тарыхый инсандарыбыз кырчындай гүлдөгөн мезгилинде өмүрлөрүн кыйышты, көптөгөн адам чыдагыс азаптарды чегишти. XX кылымдын 20–50-жылдар аралыгы СССР тарыхында эң караңгы жана трагедиялуу доорлордун бири болуп эсептелет. Бул жылдарда совет бийлигинин жүргүзгөн саясий репрессиялары жүз миңдеген адамдардын тагдырын талкалаган. Кыргызстан да, анын ичинде Түштүк аймагы да бул кайгылуу процесстен четте калган эмес. Макаланын максаты — Түштүк Кыргызстандагы репрессиялардын тарыхый себептерин, формаларын жана кесепеттерин изилдөө аркылуу коомдук аң-сезимге тийгизген таасирин ачып берүү.
Негизги сөздөр
Цитаталоо
Колдонулган булактар
- Асанов, Ү. "Саясий репрессиялар: Тарых жана тагдырлар", Бишкек, 2003.
- Ташматов, Ж. "Кыргызстандагы сталиндик репрессиялар", Тарых журналы, №2, 2015.
- Мамытов, А. "Түштүк аймагындагы диний саясат жана репрессиялар", ОшМУ илимий эмгектер жыйнагы, 2018.
- Кыргыз Республикасынын Улуттук архиви. Репрессияга байланыштуу документтер жыйнагы, 1937–1939.
- Жээнбеков, С. "Тарыхый адилеттүүлүк маселеси", "Азаттык" аналитика, 2021.