Аннотация

Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн тарыхынын татаал доорлорунун бири бул – кыргыздардын Кокон хандыгынын курамында жашап келген мезгили болгон. Азыркы учурда Кокон хандыгынын түптөлүшү, башкаруу чөйрөсүнүн калыптанышы, мамлекеттин улуттук курамы салтуу билим берүү маселелери кыргыз элинин басымдуу бөлүгү болгон түштүк кыргыздарынын Кокон хандыгына карата жарандык мамилеси кыргыз тарыхчыларынын арасында бир катар талаш маселелерди туудуруп келет. Белгилей кетсек Кокон хандыгындагы салттуу билим берүү системасынын түпкү негиздери бир нече кылым мурда пайда болгондугу маалым. Мындай билим берүү системасы коңшу ээликтерде да таралган. Кокон хандыгынын тарыхын изилдөөдө бул жагдай толук изилденбеген. Макалада Кокон хандыгы доорундагы салттык билим берүү мекемелери — медреселер, мечит жанындагы мектептер жана үйлөрдө окутуунун ишмердүүлүгү жана коомдогу орду каралат. Кокон хандыгында билим берүү диний негизде жүргүзүлгөнүн, медреселердин диний илимдер менен катар айрым диний эмес сабактар да окутулгандыгына басым жасалат. Ошондой эле мындай билим берүү мекемелери падышачылык доордо өз ишмердүүлуктөрүн ургаалдуу жүргүзгөндүгүнө тарыхый маалыматтардын негизинде токтолот.Жыйынтыгында Кокон хандыгындагы салттык билим берүү тутумунун өзгөчөлүктөрү ачып берилген.

Негизги сөздөр

Цитаталоо

Abdyldaeva, N., & Anarbayeva, G. (2026). TRADITIONAL EDUCATIONAL INSTITUTIONS OF THE KOKAND KHANATE AND THEIR ACTIVITIES. Global Scholars’ Space, 4(2), 49-55.

Колдонулган булактар

  1. Бартольд В. В. История культурной жизни Туркестана. - Л.: Изд. АН СССР, 1927. - 256 с.
  2. Айтмамбетов Д. Дореволюционные школы в Киргизии. Фрунзе, 1961. 128 с.
  3. Бендриков К.Е. Очерки по истории народного образования в Туркестане (1865-1924 годы). М.: Издательство Академии педагогических наук РСФСР, 1960. - 509 с.
  4. Зулуев Б.Б. XIX кылымдын экинчи жарымындагы жана XX кылымдын башындагы билим берүү тармагынын тарыхый өнүгүшү (Фергана өрөөнүнүн мисалында): Педагогика илимдеринин доктору окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн жазылган диссертациянын авторефераты. – Бишкек, 2019. – 6–7-б.
  5. Карыева А. К. Кыргызстанда агартуучулуктун калыптанышы жана өнүгүшү (XIX – XX к. башы): Дисс. ... тар. и. д-ры: 07.00.02 – Ата Мекендин тарыхы. – Бишкек, 2017. – 11- б.
  6. Гафуров Х.Х. О системе образования в Кокандском ханстве и ее особенностях//Социально-педагогические науки//Ученый XXI века .-2020.- № 12-1 (71) -С. 87.
  7. Алихожиев М.О. Система образования в Кокандском ханстве и роль имущества фонда вакф в ней. Т.: 2013. -С.27.
  8. Алимов И.А. Школы и медресе Андижанского бекства Кокандского ханства XIX века. История Узбекистана. Т., 2007. -С.13 .
  9.  Авазов, Э. А. Орусия империясынын Түркстандагы ―мусулманчылык маселесине‖ карата мамилеси / Э. А. Авазов // Чыгыш таануунун маселелери. – 2024. – №1. – С. 22.
  10. Кененсариев Т. Кокандское ханство как форма государственности кыргызов.// Диалог цивилизаций. Вып.III. Развитие государственности в условиях взаимодействия кочевых обществ и оседлых оазисов в зоне шелкового пути. -Бишкек,2003. -129-133-бб.
  11. Кененсариев Т. Кыргыздар жана Кокон хандыгы.– Ош: ОшМУ,1996.
  12. Наливкин В. Краткая история Кокандского ханства.- Казань, 1886.