Аннотация
Бул макалада мектепте физиканы окутууда класстан тышкаркы иштер аркылуу окуучуларды физикага кызыктыруунун жолдору изилденген. Класстан тышкаркы иштер мектепте окутуунун, тарбиялоонун, өнүктүрүүнүн, калыптандыруунун, физикага кызыктыруунун методу, формасы, каражаты болуу менен окуучунун физикага болгон кызыгуусун жогорулатат, теориялык алган билимин турмушта, практикада колдоно алууга үйрөтөт. Мектепте физиканы окутууда негизги класстан тышкаркы иштер катары физикалык ийримдер, олимпиадалар, жумалыктар, дубал газеталар, физикалык кечелер, конкурстар, викториналар, конференциялар колдонулат. Сабак учурунда убакыт чектелүү болгондуктан, физика боюнча класстан тышкаркы иштерде окуучунун физика боюнча билим алууга каалоосу, өз алдынча билим алууга умтулуусу дагы жогорулайт. Келечектеги кесип тандоосуна дагы жардам берет. Ошондуктан, окуучуну физикага кызыктырууда, билимин тереңдетүүдө жана окуучуну турмушка активдүү катыштырууда, физиканы окутуунун натыйжалуулугун жогорулатууда класстан тышкаркы иштерди колдонуунун мааниси чоң.
Негизги сөздөр
Цитаталоо
Колдонулган булактар
- Койчуманов М.К., ж.б. Мектеп физикасы боюнча класстан тышкаркы иштер. Бишкек, 2016.
- Молдокеримова Э.К. Аудиториядан тышкаркы сабактарда студенттердин кесиптик компетенттүүлүгүн калыптандыруу. [Текст]. / Э.К.Молдокеримова // Жалал-Абад Мамлекеттик Университетинин жарчысы. –№1(26) 1-бөлүм.-2012.-46-49-бб
- Молдокеримова Э.К., ж.б. Физика боюнча класстан тышкаркы иштер.-Жалал-Абад, 2015.-41 б.
- Молдокеримова Э.К. Орто мектепте физиканы окутууда дидактикалык оюндар аркылуу окуучулардын таанып билүү ишмердүүлүгүн активдештирүү. Автореферат, 2014.-24.
- Эмилбеков А.Э. Физика предмети боюнча класстан тышкаркы иштерди уюштурууга арналган окуу материалдары.-Бишкек, 2018.-244 б