Аннотация

Бул макалада башталгыч класстарда кыргыз тилин окутууда окуучулардын кебин өстүрүүнүн эффективдүү жолдору жазылган. Учурда башталгыч класстарда кыргыз тилин окутууда окуучулардын кебин өстүрүү билим берүүнүн башкы милдеттеринин бири болуп эсептелет. Башталгыч класстарда кыргыз тилин окутууда балдардын туура, так жана байланыштуу сүйлөөсүн калыптандыруу келечектеги билим алуусунун негизи болуп саналат. Кеп бул ой жүгүртүүнүн чагылуусу, ошондуктан баланын кебин өстүрүү анын интеллектуалдык өнүгүүсү менен түздөн-түз байланыштуу. Башталгыч класстарда кыргыз тилин окутууда окуучулардын сөз байлыгын өстүрүү, байланыштуу сүйлөөсүн өнүктүрүү жана грамматикалык жактан туура сүйлөө көндүмдөрүн калыптандыруу үчүн оюн ыкмалары, суроо-жооп, сүрөт менен иштөө жана интерактивдүү методдорду колдонуу чоң роль ойнойт. Окуучулардын сүйлөө жөндөмүн өнүктүрүүдө заманбап, практикалык жана системалуу ыкмаларды колдонуу натыйжалуу экендиги адистер тарабынан белгилүү. Кеп өстүрүү сабагы окуучунун сөз байлыгын кеңейтет, сүйлөөсү бай жана мазмундуу болот. Ошондуктан, башталгыч класстарда жаңы сөздөрдү үйрөтүү, синоним, антоним сөздөр менен иштетүү келечекте окуучунун сөз байлыгын кеңейтип, оюн туура айтуу, натыйжалуу баарлашуу көндүмдөрүн калыптандырат.

Негизги сөздөр

Цитаталоо

Uraimov, К., & Myrzakhmatova, А. (2026). WAYS OF DEVELOPING STUDENTS SPEECH IN TEACHING THE KYRGYZ IANGUAGE IN PRIMARY SCOOL. Global Scholars’ Space, 4(3), 25-28.

Колдонулган булактар

  1. Бекбоев И.Б. Инсанга багыттап окутуу технологиясынын теориялык жана практикалык негиздери. Бишкек, 2003.
  2. Рысбаев С. Сөз жөнүндө дастан. Бишкек, 2007.
    3.Осокеева Т.К., Колбаева Г.И. Башталгыч класстарда кыргыз тилин окутуунун методикасы. -Б, 2018.
  3. Тагаева З. Кыргыз тил сабактарында байланыштуу кепти окутуу. ОшМУ, 2008
  4. Ураимов К.М. Сөз өстурүүнүн теориясы жана методикасы көркөм окуунун практикуму менен. Окуу-усулдук комплекс. Жалал-Абад, 2023.
  5. Жороева, А. М. Экономический анализ современного инновационного сотояния предприятий Кыргызской Республики / А. М. Жороева // Вестник Жалал-Абадского государственного университета. – 2024. – № 2(60). – С. 18-24. – EDN QDQPQC.
  6. Жороева, А. М. Жалал-Абад облусундагы өнүгүү фондорунун Жалал-Абад облусундагы айыл-чарба, агроөнөр жай жана кайра иштетүү тармактарынын институционалдык негиздеринин түзүмдүк- тутумдук артыкчылыгы / А. М. Жороева, Э. Ч. Тукубаев // Вестник Жалал-Абадского государственного университета. – 2025. – No. 4(66). – P. 88-94.
  7. Жороева, А. М. О методах управления аграрным сектором экономики региона Кыргызстан / А. М. Жороева // Экономика и управление: проблемы, решения. – 2019. – Т. 1, № 3. – С. 18-21. – EDN ZBXSEP.
  8. Усенов, К. Ж. Пути интеграции обеспечения связей между предметами математика и информатика в образовательном процессе / К. Ж. Усенов, Б. Э. Тойчуева // Вестник Жалал-Абадского государственного университета. – 2024. – № 1(59). – С. 47-52.