Аннотация
Бул макалада мөмө-жемиш бактарына зыян келтирүүчү чөп биттерине (Aphidoidae) каршы колдонулган беш инсектицид – ―Моспилан Стар‖, ―Медкиллер‖, ―Капитан‖, ―Нурел Азия‖ жана ―Тепик‖ препараттарынын эффективдүүлүгү боюнча жүргүзүлгөн эксперименттик иштердин жыйынтыктары берилген. Изилдөө иштери 2024–2025-жылдары Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы мөмө-бактарында жүргүзүлдү. Ар бир препарат өндүрүүчүлөр сунуштаган нормада колдонулуп, чөп биттеринин саны дарылоодон кийин эсептелди. Эксперименттик маалыматтардын негизинде ―Нурел Азия‖ жана ―Моспилан Стар‖ препараттары чөп биттерине каршы жогорку эффективдүүлүк көрсөткөнү аныкталды. Изилдөөнүн натыйжасында бакча өсүмдүктөрүн зыянкечтерден коргоодо эффективдүү жана экологиялык жактан коопсуз каражаттарды тандоонун маанилүүлүгү белгиленди.
Негизги сөздөр
Цитаталоо
Колдонулган булактар
- Нурманбаев М.Ж., Мамырбаева А.Э., Номанжанова А. Алманын мөмө жегичи (Carpocapsa pomonella) жана аны менен күрөшүүнүн ыкмалары.// ЖАМУнун жарчысы. Жалал-Абад, 2024-2. С. 60-65.
- Абатуров, Б. Д. (1973). Методика определения биологической эффективности инсектицидов. — Москва: Колос, 1973. - 96 с.
- Материал из Википедии — свободной энциклопедии. https://ru.wikipedia.org