Аннотация
Бул илимий макала орус жана англис тилдериндеги убакытты билдирген фразеологизмдерди салыштырып изилдөөгө арналган. Изилдөөнүн негизги максаты — эки тилдеги убакытты билдирген фразеологизмдердин семантикасын, түзүлүшүн, стилдик жана маданий өзгөчөлүктөрүн аныктоо жана салыштыруу. Бул макалада фразеологиянын теориялык негиздери каралып, убакыт категориясынын тилде кантип чагылдырылганы жана ар башка маданияттагы адамдардын убакытты кабылдоосу изилденген. Орус тилиндеги идиомдор көбүнчө табияттын циклине, күндөлүк турмуштук көрүнүштөргө жана элдин маданий таанымына негизделет. Мисалы, «день ото дня», «в мгновение ока», «раз в сто лет» сыяктуу фразеологизмдер убакыттын агышын, тездигин, узактыгын жана сейректигин эмоционалдуу жана образдуу түрдө көрсөтөт. Бул идиомдор философиялык мааниде, убакыттын маанилүүлүгүн жана адамдын аны кабылдоосун чагылдырат. Англис тилиндеги идиомдор болсо убакытты көбүнчө чектелген ресурс катары көрсөтөт: «time flies», «once in a blue moon», «in the nick of time». Алар убакытты рационалдуу башкарууну, натыйжалуу колдонуу жана пландоо зарылдыгын чагылдырат. Изилдөөдө салыштырмалуу-аналитикалык, контекстуалдык жана компоненттик анализ колдонулуп, фразеологизмдердин маанисин жана маданий-функционалдык өзгөчөлүктөрүн аныктоо үчүн мисалдар берилген. Натыйжада, эки тилдеги идиомдордун окшоштуктары жана айырмачылыктары аныкталып, фразеологизмдер тил гана эмес, элдин менталитетин, маданий баалуулуктарын жана дүйнө таанымын чагылдырганын көрсөттү. Изилдөө ошондой эле тил үйрөнүүчүлөргө жана котормочуларга ар кандай маданий контекстти түшүнүүгө жардам берет жана салыштырмалуу лингвистикада практикалык мааниге ээ.
Негизги сөздөр
Цитаталоо
Колдонулган булактар
- Алефиренко Н.Ф. Фразеология русского языка. — М., 2018.
- Бабенко Л.Г. Фразеологизм и язык. — Екатеринбург, 2017.
- Мокиенко В.М. Большой словарь фразеологизмов. — М., 2015.
- Гаврилова Н.В. Концепт времени в языке. — М., 2020.
- Телия В.Н. Фразеология как культурный код. — М., 2018.
- Н.В. Русские устойчивые выражения. — М., 2008.
- Виноградов В.В. Русская фразеология. — М., 1986.
- Gibbs R. Poetics of Mind. — Cambridge, 2017.
- Cowie A.P. English Idioms. — London, 1998.
- Kövecses Z. Metaphor and Culture. — Oxford, 2021.
- Wray A. Formulaic Language. — Oxford, 2017.
- Lakoff G., Johnson M. Metaphors We Live By. — Chicago, 2019.
- Smith J. Time in English Phraseology. — London, 2020.
- Oxford, Cambridge, Longman English Idiom Dictionaries. 2018–2021.