Аннотация

Бул илимий макалада кыргыз коомунун көрүнүктүү этнограф-окумуштуусу, тарых илимдеринин кандидаты, профессор Эртабылды Жолдошевич Сулаймановдун педагогикалык ишмердүүлүгүнүн негизги этаптары жана анын жогорку билим берүү системасындагы орду изилденген. Изилдөөнүн актуалдуулугу катары ХХ кылымдын экинчи жарымындагы жана ХХI кылымдын башындагы кыргыз этнография илиминин жана педагогикасынын калыптанышын бир инсандын илимий-педагогикалык жолу аркылуу чагылдыруу зарылчылыгы менен түшүндүрүлөт.Макалада окумуштуунун билим алуу жолу Жалал-Абаттагы А.С. Пушкин атындагы педагогикалык окуу жайынан башталып, М.В. Ломоносов атындагы Маскөө мамлекеттик университетинин тарых факультетинин этнография кафедрасында уланганы терең талдоого алынат. Автор Э.Ж. Сулаймановдун адис катары калыптанышында советтик этнографиялык мектептин алптары, өзгөчө академик Ю.В. Бромлей сыяктуу инсандардын таасири зор болгонун белгилейт. Макаланын негизги бөлүгүндө профессордун Ош мамлекеттик университетиндеги (1987–2005-жж.) жана Жалал-Абат мамлекеттик университетиндеги (2005-жылдан бери) көп кырдуу ишмердүүлүгү каралат. Анын окутуучулуктан тартып, декандык жана кафедра башчылык кызматтарга чейинки жолу, ошондой эле университеттерде тарыхчы адистерди кесипкөй катары тарбиялоого кошкон салымы тарыхый маалыматтар менен тастыкталган. Изилдөөнүн жыйынтыгында Э.Ж. Сулаймановдун 150дөй илимий эмгектеринин, анын ичинде студенттер үчүн колдон түшкүс курал болгон "Этнография" (2010) окуулугунун мааниси ачып берилет. Профессордун жаш илимпоздорго берген адистик кеңештери жана насаатчылыгы анын педагогикалык мектебинин ишмердигинин түзөөрү илимий макалада талдоого алынган.

Негизги сөздөр

Цитаталоо

Khalmatov, К., & Talantbek kyzy, D. (2026). PEDAGOGICAL ACTIVITY OF PROFESSOR E. J. SULAIMANOV: THE PATH OF FORMATION AND CONTRIBUTION TO THE EDUCATION SYSTEM. Global Scholars’ Space, 4(2), 102-109.

Колдонулган булактар

  1. Кыргызстан этнографы Сулайманов Эртабылды Жолдошевич 75 жашта// Түзүүчүлөр: В.Э.Анарбекова, Г.Т.Токтогулова, Г.Э.Чыныкеева, Г.А.Анарбоева. Жалал-Абад, 2024.-150-б.
  2. Чоротегин, Т. К. Эртабылды агай – кыргыздын мээнеткеч этнографы [Электрондук ресурс] / Т. К. Чоротегин // Азаттык үналгысы. – 2024. – 21-окт. – Кирүү режими: https://www.azattyk.org/a/etnograf_ertabyldy_sulajmanov-75-cashta_2024_chorotegin/33167841.html (кайрылган күнү: 10.03.2026).
  3. Алымбаев Ж.Б. Мыкты адис, чебер лектор/Акыйкат №46 (1715), 20-ноябрь, 2024-жыл.
  4. Халматов, К. А. Профессор Э.Ж. Сулайманов жана анын жараткан эмгектери / К. А. Халматов // Вестник Жалал-Абадского государственного университета. – 2024. – No. 3-2(62). – P. 150-156. – EDN BFCSZG.
  5. Дуйшеев, Ж. А. Рецензия на труды профессора Э.Ж. Сулайманова / Ж. А. Дуйшеев // Вестник Жалал-Абадского государственного университета. – 2024. – № 3-1(61). – С. 61-66. – EDN NFPJWZ.
  6. Жамунун тарыхындагы профессор Ш.М.Ниязалиевдин орду // Bulletin Jalal-Abad State University. – 2013. – No. 1(27). – P. 36-38. – EDN GICCIT.