Аннотация

Бул макалада санарип экономикасынын негизги түшүнүгүн жана маанисин аныктоо, Кыргызстанда санариптештирүү процессинин өнүгүү абалы жана анын экономикалык аспектилери, көйгөйлөрү жана келечек мүмкүнчүлүктөрү каралат. Өлкөнүн санариптик экономикага өтүү жолундагы негизги маселелер, санариптик инфраструктуранын өнүгүү деңгээли, мамлекеттик саясаттын ролу жана санариптик технологиялардын экономикалык өсүшкө тийгизген таасири талданат.
Ошондой эле санариптик трансформацияны ишке ашырууда кездешкен негизги экономикалык тоскоолдуктар жана аларды чечүү жолдору, Кыргызстандагы санариптик инфраструктуранын азыркы абалын талдоо, өнүгүүгө тоскоол болгон негизги факторлорду аныктоо, санарип экономикасын өнүктүрүү үчүн сунуштарды иштеп чыгуу каралат. Өлкөдө электрондук өкмөт, онлайн банкинг, санариптик соода жана финтех кызматтары өнүгүп келе жатат. Бирок бул тармакта инфраструктура, мыйзамдык база жана кадр маселелери дагы эле актуалдуу бойдон калууда. Бул макалада ушул маселелер талданып, аларды чечүү жолдору каралат.

Негизги сөздөр

Цитаталоо

Mergembayeva, А., & Urkumbaeva, G. (2026). DEVELOPMENT OF THE DIGITAL ECONOMY IN THE KYRGYZ REPUBLIC. Global Scholars’ Space, 4(3), 9-12.

Колдонулган булактар

  1. Кыргыз Республикасынын санариптик өнүгүү программалары.
  2. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин маалыматтары.
  3. 3.Эркин-Тоо КРнын мамлекеттик расмий гезити №103 (3760) 30.12.2025-ж. «Санариптик кызматтар-жарандарга ыңгайлуулукту шарттайт” КРнын Президентинин Иш башкармасына караштуу “Кызмат” мамлекеттик мекемесинин директору Жапаров А.
  4. Эркин-Тоо КРнын мамлекеттик расмий гезити №31 (3687) 25.04.2025-ж. “Санарип сом улуттук валютанын бир түрү болмокчу” КР Улуттук банкынын Санарип сом долбоордук тобунун жетекчиси Бакесариева А.
  5. Эркин-Тоо КРнын мамлекеттик расмий гезити №24 (3680) 1.04.2025-ж. “Санариптештирүү саясаты жаңы сапаттарга көтөрүлүүдө” КР Президентинин иш башкаруучусу Туманбаев К.